Жалпыга маалымдалган билдирүүлөр

Чыгыш Түркстанда Кытай тарабынан жүргүзүлүп жаткан зомбулукту жек көрүү менен айыптайбыз

tr#313tr#3132026-ж., 6-апрель
Чыгыш Түркстанда Кытай тарабынан жүргүзүлүп жаткан зомбулукту жек көрүү менен айыптайбыз

1949-жылдан бери Кытай Эл Республикасы башкаруусунда турган Чыгыш Түркстанда адам укуктарынын бузулушу жашоонун бардык тармактарында күчөп уланып жатат.

Кытай Өкмөтү, аймакта жашаган жергиликтүү элден кутулуу максатында ишке ашырган жана 2018-жылы спутник сүрөттөрү жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденгенден кийин кабыл алган “жыйноо лагерлерин” кылмышты жана кылмышкерди жашыруу жолу менен “кесиптик окутуу курсу” катары дүйнөгө таңуулап, ушул жол менен Чыгыш Түркстандыктарды терроризмден, дискриминациядан жана экстремизмден арылтаарын доомат кылууда. Чынында бул лагерлерде адамзатка каршы кылмыштар жасалып, лагерлерде калган көптөгөн адамдардан кайра кабар алууга мүмкүн болбой жатат.

Бир элди жана бир диний ишенимди жок кылууга багытталган системалуу аракеттердин бар экенин эске алганда, аталган аракеттердин ‘Адамзатка каршы кылмыштар’ категориясына кирери талашсыз чындык.

Кытай Өкмөтү “Экстремизмге каршы күрөш жөнгө салуусун” кабыл алган 2017-жылдын март айынан бери, Чыгыш Түркстан аймагында лагерлерге камалган уйгур түркөлөрүнүн саны тез өсүүдө. Жөнгө салууга ылайык, “нормалдуу эмес” сакал коюу, пәрәнжә же жоолук салынуу, намаз окуу, орозо кармоо, спирт ичимдиктерин ичпөө же ислам же уйгур маданиятына байланыштуу китеп же жазууларды сактоо сыяктуу диний же маданий таандыктыгын ачык же жеке чөйрөдө көрсөтүү “экстремизм” катары бааланууда.

Айрыкча мусулман калкы басымдуу болгон өлкөлөргө иштөө же билим алуу максатында баруу же Кытайдан тышкары жашаган адамдар менен байланышуу да адамдарды шектүү абалга түшүргөн негизги себептердин катарына кирет. Эркек-аял, жаш-кары, шаардык-айылдык дебей, ар бир адам камакка алынып калуу коркунучу алдында турат.

Эл аралык Амнистия уюму жарыялаган ‘Кытай: Алар кайда? Синьцзян Уйгур Автоном Районундагы жапырт камоолор тууралуу жооп берүүнүн убагы келди’ аттуу отчетунда бул бузулуулар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденген. Эл аралык Амнистия уюмунун Чыгыш Азия боюнча директору Николас Бекелин бул тууралуу, “Кытай өкмөтүнө этникалык азчылыктарды бутага алган бул кир саясаттарын улантууга жол берилбеши керек. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү Синьцзян Уйгур Автоном Районунда болуп жаткан үрөй учурган окуялар үчүн Кытайдан жооп талап кылышы керек” деген билдирүүсү да абалдын оордугун айкын көрсөтүүдө.

Бир эл толугу менен жокко чыгарылып, сыйынуу эркиндиги эске алынбай, түркчө ысымдар жана жазуулар тыюу салынууда, Чыгыш Түркстан аймагына атайылап Синьцзян деген ат берилүүдө. Бул аракеттер менен улуттук аң-сезимди жок кылууга аракет жасалууда. Аталган аймак байыркы кытай жери деп жарыялоо менен аймактын тарыхы жана баалуулуктары четке кагылууда.

Бардык тиешелүү тараптарды бул маселеде жоопкерчилик алууга, БУУ Башкы Ассамблеясын баштаган эл аралык бардык уюмдарды, бөгөт коюучу чараларды дароо күн тартибине алууга чакырабыз жана эл аралык коомчулукту Чыгыш Түркстан уйгур эли үчүн чара көрүүгө үндөйбүз.

(Булак : https://shorturl.at/Zwvd8)

Бул макала жактыбы?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз