Коштошуу кутбасы

Эй адамдар!
Сөзүмдү жакшы уккула.
Билбейм, балким быйылдан кийин силер менен бул жерде түбөлүккө кайрадан жолукпай калам.
Эй адамдар!
Арафа күнү кандай ыйык күн болсо, Зулхижжа айы кандай ыйык ай болсо, Мекке шаары кандай берекелүү шаар болсо; жаныңар, мүлкүңөр, ар-намысыңар да ошондой ыйык, бардык кол салуудан корголгон.
Асхабым!
Эртең Раббиңерге жолугасыңар жана бүгүнкү ар бир абал-ишиңерден сурак берилет. Менден кийин мурдагы адашууларга кайтып, бири-бириңерди өлтүрүп жибербегиле. Бул осуятымды бул жерде болгондор болбогондорго жеткирсин. Балким жеткирилген адам, бул жерде болуп уккандан да жакшы түшүнүп, сактап калат.
Асхабым!
Кимдин жанында аманат болсо, аны ээсине кайтарсын.
Пайыздын бардык түрү жокко чыгарылды, бутумдун астында.
Бирок карызыңардын негизин кайтарууңар керек. Зулумдук кылбагыла, зулумга да кабылбагыла.
Аллахтын буйругу менен пайызчылык эми тыюу салынды. Жахилияттан калган бул жаман адаттын бардык түрү бутумдун астында. Биринчи жокко чыгарган пайзым Абдулмутталибдин уулу Аббастын пайызы.
Асхабым!
Жахилият доорундагы кан өчтөрү да жокко чыгарылды. Биринчи жокко чыгарган кан өчүм Абдулмутталибдин небереси Рабианын кан өчү.
Эй адамдар!
Бүгүн шайтандын силердин бул жерлериңерде кайрадан таасир жана бийлик орнотуу күчү түбөлүк жоголду. Бирок бул жокко чыгарган нерселерден башка, кичине деп эсептеген иштерде ага ээрчисеңер, бул да аны кубандырат. Диниңерди сактоо үчүн булардан сак болгула.
Эй адамдар!
Аялдардын укуктарын сактоону жана бул маселеде Аллахтан коркууну силерге насаат кылам. Силер аялдарды Аллахтын аманаты катары алдыңар; алардын ар-намысы менен уятын Аллахтын аты менен убада берип, өзүнө адал кылдыңар. Силердин аялдар үстүндөгү укугуңар – алардын үй-бүлө очогун, жактырбаган эч кимге тебелетпөөсү. Аялдардын да силер үстүндөгү укугу – салтка ылайык бардык тамак-аш жана кийим-кечегин камсыз кылууңар.
Эй момундар!
Силерге эки аманат калтырам, аларга бекем кармансаңар, эч качан жолдон адашпайсыңар. Бул аманаттар – Аллахтын китеби Куран жана Пайгамбардын сүннөтү.
Эй момундар!
Сөзүмдү жакшы уккула жана жакшы сактагыла! Мусулман – мусулмандын бир тууганы жана бардык мусулмандар бир тууган. Дин бир тууганыңарга тиешелүү болгон эч бир укукка кол салуу арам. Бирок ыраазычылык менен берилген башка.
Асхабым!
Өзүңөргө да зулумдук кылбагыла. Нефсиңердин да силерде укугу бар.
Эй адамдар!
Раббиңер бир. Атаңар да бир. Баарыңар Адамдын балдарысыңар, Адам болсо топурактан. Арабдын араб эместин үстүнөн, араб эместин да арабдын үстүнөн артыкчылыгы жок; кызыл терилүүнүн кара терилүүнүн үстүнөн, кара терилүүнүн да кызыл терилүүнүн үстүнөн артыкчылыгы жок. Артыкчылык – таквада гана. Аллах алдында эң кымбаттууңар – Андан эң көп коркконуңар.
Эй адамдар!
Жараткан ар бир укук ээсине укугун берди. Ар ким өз кылган күнөөсү үчүн жооптуу. Ата баласынын, баласы да атасынын күнөөсү үчүн жооптуу эмес.
Көңүл бургула! Бул төрт нерсени такыр кылбагыла:
Аллахка эч нерсени шерик кылбагыла.
Аллах арам жана кол тийгис кылган жанга негизсиз кол салбагыла.
Зына кылбагыла.
Уурулук кылбагыла.
Эй адамдар!
Эртең мени силерден сурашат. Эмне дейсиңер?
Асхаб-ы Кырам жооп берди:
"Аллахтын элчилигин жеткирдиң; элчилик милдетиңди аткардың, бизге осуят жана насаат бердиң деп күбөлүк кылабыз."
Расулуллах күбөлүк бармагын асманга көтөрүп үч жолу
"Күбө бол! эй Раббим!
Күбө бол! эй Раббим!
Күбө бол! эй Раббим!"
Хазрети Мухаммед Саллаллаху Алейхи ва Саллам